Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:35

Бишкекте милиция кызматкерине кол салган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык милиция кызматкерине бычак сайган жаран камакка алынды. Бул тууралуу башкалаанын милиция бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 4-январдан 5-январга караган түнү шаардагы кичирайондордун биринде белгисиз адамдар мас болуп алып, жашоочуларга тынчтык бербей жатканы тууралуу милицияга кабар келип түшкөн. Ал жерге барган участкалык милициянын майору көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө бир топ киши ичимдик ичип олтурганын көрүп, аларды тартипке чакырган. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда тургундардын бири чөнтөгүнөн бычак алып чыгып, милиция кызматкерин ичке сайып жиберген.

Окуя болгон жерге кошумча күч тартылып, кол салган жаран кармалган. Ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган жаран милициянын профилактикалык тизмесинде тураары жана Республикалык психикалык оорулар боюнча борбордун каттоосунда экендиги аныкталды.

Ал эми жабыр тарткан милиция кызматкери ооруканага жаткырылды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG