"Кочкор районунун Туз айылында окуучулар башы ооруп, эсин жоготуп жыгылууда" деген маалыматка байланыштуу мектеп текшерилди. Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин бөлүм башчысы Алтын Ураимованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, мектептин санитардык абалы текшерилип, курулуш материалдары лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлдү.
- Классттар полдун астынан жылытылат экен. Ошондуктан окутуу бөлмөлөрүндөгү линолеумду жана дубалдагы полиуретандан жасалган панелди лабораториялык изилдөөгө алып келишти. Анын токсикологиялык көрсөткүчтөрү текшерилди. Жыйынтыгында нормадан ашкан учур табылган жок. Окуу бөлмөлөрүндөгү температура 22-25 градустан ашпашы керек болсо, мындан жогору класстар бар экен. Аларды желдетип туруу сунуш кылынды.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Туз айылындагы мектептин окуучулары башы ооруп, эсин жоготуп жыгылган учурлар катталып жатканын жазган. Жергиликтүү тургундар ушундай негизде 20дай окуучу ооруканага кайрылганын билдиришкен. Саламаттык сактоо министрлиги бир окуучунун ата-энеси гана дарыгерге кайрылганын “Азаттыкка” билдирди.
Туз айылындагы мектеп чет өлкөлүк долбоордун эсебинен 2007-жылы курулган. Мектеп эски мүрзөнүн үстүнө курулганы айтылууда. (КЕ)