Линктер

жума, 27-апрель, 2018 Бишкек убактысы 12:39

"Фергана.ру" агенттигинин журналисти Элнура Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. Бул тууралуу Алканова өзү "Фейсбуктагы" барагына жазды.

Ал ошондой эле бул мекеменин кызматкери берип кеткен чакыруунун да сүрөтүн жарыялап, сурак бүгүн, 5-январга белгиленгенин билдирди. Бирок Алканова учурда Бишкек шаарынан сыртта болгондуктан, суракка бара албай турганын билдирет.

Былтыр күздө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын да жазган. Андан кийин Башкы прокуратура имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин ачкан.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат "Фергана.ру" сайтында жарыяланган Алканованын иликтөөсүндө "банк сырын ачыкка чыгаруу фактысы орун алган" деген айып менен былтыр 22-декабрда кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери уланууда. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG