Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Кара-Балта, Таш-Көмүр шаардык кеңештерине үгүт өнөктүгү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктап, 5-январдан тартып үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Азыркы учурга карата Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы сегиз саясий партиянын талапкерлеринин тизмелерин каттады. Алар - “Элдик-Народная”, “Эламан”, КСДП, “Жакшылык-Добро”, «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика», «Кыргызстан элдеринин тилектештиги» саясий партиялары. Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешине бул партиялардан 424 талапкер көрсөтүлгөн.

Таш-Көмүр шайлоо комиссиясы жети саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алар -«Мекеним Кыргызстан», КСДП, «Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Улуу-Көч», «Бүтүн-Кыргызстан», «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиялары. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешине бул партиялардан 373 талапкер көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

БШКнын буга чейинки маалыматына караганда, Чүй, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерине 28-январда өтө турган шайлоого 8 292 300 сом жумшалат. Бул акча шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө сарпталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG