Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Путин Орусия аркылуу ташылган украин товарларына чектөөнү узартты


Казакстанга жүк ташыган поезд.
Казакстанга жүк ташыган поезд.

Президент Путин Орусиянын аймагы аркылуу Украинадан Кыргызстанга, Казакстанга товар ташууга тыюу салууну дагы жарым жылга узартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Крым редакциясы билдирди.

30-декабрда чыккан Путиндин буйругу Орусиянын укуктук маалымат сайтына жарыяланды. Ага ылайык, мындай чектөө ушул жылдын 30-июнуна чейин сакталат.

Кремл Украинадан Орусия аркылуу товар ташууга 2016-жылдан тартып тыюу салган. Москва мындай чечимин Украина менен Орусиянын ортосунда эркин соода келишиминин токтотулушу менен түшүндүргөн.

2016-жылы Украинанын вице-премьер-министри Степан Кубив казак бийлигине транзитке киргизилген чектөөнү алып салууну Москвадан талап кылууга кеңеш берген.

XS
SM
MD
LG