Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Мирзиёев “Абу Сахий” базарынан түшкөн салык көбөйгөнүн айтты


Тимур Тилляев аялы Лола Каримова-Тилляева менен, 2016-жыл.
Тимур Тилляев аялы Лола Каримова-Тилляева менен, 2016-жыл.

“Абу Сахий” жоопкерчилиги чектелген коому мурда Өзбекстандын казынасына бир айда 5 млрд. сум салык төлөгөн. Эми ишкана ээлери алмашып, “Ташкент жибек жолу” компаниясына айлангандан тартып 15 күндө эле өлкө казынасына 35 млрд. сум төлөгөн. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусуна барган маалда айтканын президенттин басма сөз кызматынын “Телеграмдагы” расмий барагы билдирет.

Өзбекстандын биринчи президенти Каримовдун кичүү кызы Лола Каримованын күйөөсү Тимур Тилляев ээлик кылган “Абу Сахий” компаниясы Өзбекстанга жүк ташыган эң чоң эл аралык компания болгон.

Каримовдун бийлигинин тушунда Ташкенттин чекесинде 25 гектар жерди ээлеген “Абу Сахий” базары Өзбекстанга сырттан ташылган товарды дүңүнөн саткан чоң соода базасына айланган.

Базардын ээси алмашканы тууралуу "Азаттыктын” өзбек кызматы өткөн жылдын 14-декабрында жазып чыккан. Тимур жана Лола Тилляевдердин АКШдагы адвокаты Марк Реймонд "Азаттыкка" жиберген электрондук катында “мүлк ээлери өзгөрүп жатканын билдирем” деп гана жооп берген.

XS
SM
MD
LG