Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Копенгагенде уурдалган “эң кымбат арактын бөтөлкөсү” табылды


Орус - Балтика арагынын бөтөлкөсү
Орус - Балтика арагынын бөтөлкөсү

Дания полициясынын маалыматына караганда баасы бир миллион 300 миң доллар турган “дүйнөдөгү эң кымбат арактын бөтөлкөсү” Копенгагенде курулуш жүрүп жаткан жерде 5-январдын таңында табылган.

Бөтөлкөнү жасоого үч кг алтын жана үч кг күмүш кеткен. Анын кепкеги Орус падышалыгынын бүркүтүнүн сөлөкөтүндө металлдан куюлуп жасалган.

Копенгаген полициясынын өкүлү эч жери бузулбаган бош бөтөлкө шаардын батышында курулуш жүрүп жаткан вилланын алдынан табылганын билдирди.

Даниянын жергиликтүү гезити бөтөлкөнү Жаспер Кампер деген курулушчу алып келгенин, ага болсо чогуу иштегендер бергенин жазды.

Алтын-күмүштөн жасалган бөтөлкөгө куюлган аракты даниялык коллекционер Браян Ингбергге машине чыгарган ригалык Dartz luxury компаниясы күрөөгө берген.

2-январдын таңында Ингбергге таандык кафени беткапчан бирөөлөр тоноп, орус-балтикалыктар бирге чыгарган бөтөлкөнү уурдап кетишкен.

Копенгаген полициясы кылмышкерлердин сары изине түшкөнү менен азырынча эч ким кармала элек.

XS
SM
MD
LG