Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Жээнбеков: Салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү керек


Сооронбай Жээнбеков жана Зайырбек Эргешов
Сооронбай Жээнбеков жана Зайырбек Эргешов

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары дүйнөдө коомду радикалдаштыруу жана экстремисттик, террористтик идеяларды таркатуу максатында диний чөйрөнү колдонуу өнөкөтү күчөп, бул көрүнүш Кыргызстан үчүн да коркунуч туудуруп жатканын белгиледи. Бул тууралуу президент 5-январда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алганда айтты.

“Калктын диний чөйрөдөгү билим деңгээлин жогорулатуу боюнча жумушту жана бардык медреселерде жана башка диний билим берүү мекемелеринде бирдиктүү окутуу программасы ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул максатта Дин комиссиясы диний уюмдар, муфтият, аймактардагы бийлик өкүлдөрү, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө тийиш. Салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү керек” – деп белгиледи президент.

Жээнбеков диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат светтик мамлекеттин принциптерине таянып жүргүзүлүшү зарыл экендигин белгиледи. Ал ошондой эле диний уюмдардын жана окуу жайлардын реестрин түзүп, радикализмдин таркашын алдын алуу максатында алардын каржылык жана башка ишмердигин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Мындан төрт жыл мурун Кыргызстан 2014-2020-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алган. Анын алкагында үч жылда 2500дөн ашуун имам светтик билим берген курстардан өтсө, диний экстремизмди алдын алуу максатында былтыр 500дөн ашуун иш-чара, окуулар, семинарлар жана эл аралык конференциялар уюштурулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG