Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Новосибирсктеги өрт чыккан цех мыйзамсыз иштеп келген


иллюстрация
иллюстрация

Новосибирсктеги өрттөнгөн бут кийим чыгаруучу цех мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу "РИА Новости” Новосибирктеги өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгына шилтеме кылып жазып чыкты.

4-январда эртең менен Новосибирск облусунун Чернореченский аймагында бут кийим кампасында өрт чыгып, он киши көз жумган. Кырсыктан анда иштеген 24 жана 27 жаштагы Кыргызстандын жарандары да каза болгон. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Ноокен, экинчиси Базар-Коргон районунун тургундары экени белгилүү болду. Ал эми 17 жаштагы кыргызстандык жаран денеси күйүп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Иликтөө көрсөткөндөй, көпчүлүк адамдар өрттү өчүрүү аракети учурунда мерт кеткен. Себеби кампанын ичинде тез күйүүчү материалдар болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG