Эртең, 7-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7...-12, күндүз +2...+7;
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз +2...+7;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз +1...+6;
Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9;
7-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндө жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9, күндүз 3...5 болот.