Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Сауд Арабияда 11 ханзаада камалды


Мухаммед бин Салман.
Мухаммед бин Салман.

Сауд Арабияда бийлик падышалык үй-бүлө чыгымдарынын бир бөлүгүн - электр жарыгы, суу жана башка коммуналдык кызматтардын акысын мамлекет эсебинен каржылоону токтотот. Бул чечимге каршы чыккан 11 ханзаада камалды. Падыша Салмандын реформаларга негизделген буйругу мунай баасы дүйнөдө түшүп жаткан кезде бюджетти туруктуу кармоо аракетине байланыштуу.

Reuters агенттиги кабарлагандай, падышанын буйругуна макул болбогон ханзаадалар Эр-Рияддагы хан сарайга чогулуп, өз талаптарын коюшкан. Таркап кетүүгө макул болбогон соң алар түрмөгө камалды.

Жагдай боюнча расмий тарап маалымат бере элек.

Өткөн жылы Сауд Арабиядагы бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлер жана бизнесмендер коррупцияга шектелип, мураскор ханзаада, өлкөнүн коргоо министри жана реформалардын демилгечиси Мухаммед бин Салмандын буйругу менен камалган. Кийинчерээк алардын көпчүлүгү чыгым келтирген каражаттын кайсы бир бөлүгүн мамлекетке кайтарып бергенден соң бошотулган.

XS
SM
MD
LG