Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:13

Жөөт балдарын нацисттерден сактаган Эльза Брандейс дүйнө салды


Иерусалимдеги "Яд Вашем" Холокст мемориалы

Венгрияда 110 жашында Эльза Брандейс каза болду. Ал Экинчи дүйнөлүк согушта ондогон жөөттөрдүн өмүрүн сактап калган. 1995-жылы Брандейс “Дүйнө элдеринин такыбасы” ардактуу наамга ээ болгон.

Брандейс концлагерге депортациядан сактап калган балдардын арасында болочоктогу миллиардер жана филантроп Жорж Сорос да бар. Ошол кезде 13 жаштагы Сорос апасы менен Брандейстин үйүндө жашынып, аман калган.

Эльза Брандейс 1907-жылы Австриянын Руст шаарында төрөлгөн. Жаш кезинде ал бийчи жана бий мугалими катары коомчулукка таанылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG