Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Бостеридеги өрт боюнча экспертиза дайындалды


Өрттөн кийин
Өрттөн кийин

Бостеридеги “Осьминог” рестораны жана эки мейманкананын өрттөлүшү боюнча соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Социалдык түйүндө эс алуучу жайлар кимдир бирөөлөр тарабынан атайлап өрттөнгөн деген маалымат тарап жатат. Бирок экспертизанын жыйынтыгы менен гана так маалымат берилерин Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдирди.

- Экспертизанын негизинде гана өрттүн келип чыгуу себептери аныкталат. Алдын ала маалымат боюнча ал жакта газ-баллондор бар болгону аныкталып, ошолор жарылды деген шек бар.

Бүгүн таңында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Осьминог” рестораны толугу өрттөнүп, жанында жайгашкан “Гринхаус” жана “Сыябан” мейманканасынын чатырларына чаап кеткен. Өрттүн кесепетинен жабыр тартып, ооруканага жана тез жардам бөлүмүнө кайрылгандар болгон жок. Учурда келтирилген чыгым такталууда. (AsM/SDz)

XS
SM
MD
LG