АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө макул. 6-январда журналисттер Трамптан өзүн “кичинекей ракетачы” деп атаган адам менен сүйлөшүүгө канчалык даяр экенин сурашканда “мен дайыма сүйлөшүүлөргө ишенем”, - деп жооп берди.
“Албетте! Мен сүйлөшүүгө бармакмын, менде бул боюнча маселе жок”, - деген президент сүйлөшүү алдында кандайдыр бир шарт болмоктугун кошумчалады.
Трамптын сөзү Түндүк жана Түштүк Корея өлкөлөрү акыркы эки жылда расмий сүйлөшүүлөрдү жандандыруу боюнча макулдашууга жетишкенден кийин айтылды. Пхеньян буга чейин Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада оюндарына спортчуларын катыштырууга ынтызарлыгын билдирген.
6-январда Түндүк Кореянын өкүлү алардын өлкөсү кышкы оюндарга катышышы мүмкүндүгүн айткан. Бул кабарды Трамп жылуу кабыл алып, сүйлөшүүлөр Олимпиада менен чектелбестен, алга жылышы керектигин билдирген. АКШ президенти “кезеги келгенде сүйлөшүүлөргө биз дагы катышабыз” деп айтты.
АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси Пхеньян баллистикалык ракеталарды катары менен сыноодон өткөргөндүктөн кескин начарлап кетти.