Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кытайдын жээгинде танкер менен жүк ташуучу кеме сүзүштү


Танкердеги өрт
Танкердеги өрт

Кытайдын Транспорт министрлиги бул кырсыктан 32 адам дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө. Маалыматта айтылгандай танкердин экипажында 30 ирандык жана Бангладештин эки жараны болгон. Алар 6-январда аварияга кабылганда танкер өрттөнө баштаган. Деңиз үстүндө ташылып бараткан 136 миң тонна мунайдын бир бөлүгү сууга төгүлүп кетти. Ал эми Кытайдын жүк ташуучу кемесиндеги 21 адам аман-эсен куткарылды.

Панама желегинин алдында бараткан Sanchi мунай ташуучу танкерди Иран компаниясы колдонуп жүргөн. Министрликтин маалыматына караганда танкер Түштүк Кореяга, ал эми жүк ташуучу кеме Гонконгго 64 миң тонна буудай ташып бараткан. Кырсык Шанхай жээгинен 160 миль алысыраак жерде катталды.

Xinhua агенттиги издөө иштерине сегиз кеме тартылганын маалымдады. Ошондой эле Түштүк Корея издөө иштерине учак жана кошумча кеме жөнөттү.

XS
SM
MD
LG