Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 23:32

Өкмөткө каршы демонстранттар “жеңилди” деген ырастоону 7-январда Ирандын элиталык аскерий бөлүгү-Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу (IRGC) жасады.

Бул аскерий уюмдун жекшемби күнкү билдирүүсүндө “Ирандын ыңкылапчыл эли, оң миңдеген Басижи күчтөрү, полиция жана Чалгын министрлиги менен биргеликте АКШ, Британия, Израил, Сауд Аравия, согушкерлер жана монархисттер жараткан башалмандык чынжырды үздү”, -деп айтылат.

Мындай билдирүү Ирандын парламенти өкмөткө каршы бир аптадан ашкан нааразылык акцияларын жабык эшик артында талкуулагандан кийин жарыяланды.

Бул арада өкмөт, маалыматтарга караганда, Instagram социалдык түйүнүн колдонуу үчүн киргизилген чектөөнү жойгон. Бирок “Telegram” түйүнү мурдагыдай эле тосмолонгон бойдон калууда. Бул социалдык түйүндү 80 миллиондой ирандыктын дээрлик үчтөн бири жаңылыктын негизги булагы катары пайдаланышат.

АКШ өз тарабынан буга чейин Ирандагы демонстранттарга колдоо билдирген, бирок аларга шыкак берди деген айыптоолорду четке каккан эле. 7-январда болсо Ирандын мамлекеттик медиасы өкмөттү колдоо боюнча бийликтер тарабынан уюштурулган демонстрациялардын бешинчи күнүн түз чагылдырып жатышты. Мамлекеттик медиа ошондой эле өкмөткө каршы демонстрациялар жөнүндө маалымат берүүнү да токтотту. Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Иран кызматы алган ишенимдүү кабарларга караганда, 6-январь күнү өкмөткө каршы нааразылыктар кеминде тогуз шаарда, анын ичинде Тегеранда да уланган. Муну социалдык медиага чыккан видео тасмалар да ырастоодо.

Бир аптадан ашкан нааразылыктар учурунда Иранда кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылды, 1700дөн ашууну камакка алынды.

Тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан демонстрациялар алгач Ирандын экинчи ири шаары Мешхедде 28-декабрда тутанган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG