Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:40

Бостеридеги өрт газ баллондордун жарылышынан чыкканы болжолдонууда


"Осьминог" ресторанындагы өрттүн кесепети.
"Осьминог" ресторанындагы өрттүн кесепети.

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Осьминог” ресторанындагы өрт газ баллондордун жарылышынан чыкканы болжолдонууда. Облустук милициядан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, баштапкы иликтөөлөр өрт чыккан имаратта газ баллондор бар экенин көрсөткөн. Ошондон улам "газ жарылган болушу мүмкүн" деген божомол каралууда.

7-январда эртең менен Бостеридеги “Осьминог” рестораны өрттөнүп, тилсиз жоодон жанаша жайгашкан эки мейманкананын чатырына да зыян тийген.

Азыр өрттүн чыгымдары такталууда, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Интернетте ресторан саясатчы Өмүрбек Бабановдун жакындарына тиешелүү экени айтылып, "ага атайлап өрт коюлду" деген маалыматтар тараган. Укук коргоо органдары өрттүн так себеби экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана белгилүү болорун билдирип жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG