Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү ишинен бошотулду


Санжар Үмөталиев.
Санжар Үмөталиев.

Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Үмөталиев өз арызынын негизинде кызматын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Үмөталиев ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоодо кетирген катасы үчүн кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган. Санжар Үмөталиев бир эле учурда өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары болуп иштечү. Өкмөттүн маалымат кызматы кошумчалагандай, Үмөталиев менен кошо аппараттын 3-4 кызматкери да иштен алынды.

Бүгүн, 8-январда премьер-министр Сапар Исаков ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча өз милдетин так аткарбаганы үчүн экономика министри Артем Новиковго жана Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш, экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыялаган.

30-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоорун кайра карашкан. Парламент ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда "кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деп ката көрсөтүлгөн. Бирок Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тартып күчүнө кириши керек. Дал ушул катаны оңдош үчүн парламент кезексиз жыйынга чогулганы эл өкүлдөрүнүн ачуусун келтирген. Айрым депутаттар өкмөткө жооптуу аткаминерлерге чара көрүүнү талап кылышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG