Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Чүйдөгү жол кырсыгынан бир аял бала менен кошо каза болду


Кырсык болгон жердеги сүрөт социалдык тармактарга жарыяланды. Чүй, Аламүдүн.
Кырсык болгон жердеги сүрөт социалдык тармактарга жарыяланды. Чүй, Аламүдүн.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында бүгүн болгон жол кырсыгынан улам бир аял 5 жашар бала менен кошо каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эртең менен 07:45терде автоунаа бала жетелеп бараткан аялды койдуруп кеткени тууралуу "Тез жардам" кызматына маалымат келип түшкөн. Дарыгерлер окуя болгон жерге жеткенде кырсыктан улам болжол менен 5 жашар бала мерт болгонун көрүшкөн. Ал эми 45-50 жаштардагы аялды дарыгерлер өтө оор абалда Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келишкен. Дарыгерлердин аракетине карабай, операция учурунда аялдын жүрөгү токтоп калган.

Айгерчинова билдиргендей, аялдын жана баланын аты-жөнү аныктала элек.

Ички иштер министрлиги жана Чүй облустук милиция башкармалыгы окуя боюнча комментарий бере элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG