Лос-Анжелесте 7-январдын кечинде кино жана теле жаатындагы “Алтын глобус” сыйлыгы тапшырылды.
Салтанатка көпчүлүк кино ишмерлери кара кийинип келишти. Буга чейин Голливуддагы бир топ актрисалар кино тармагындагы сексуалдык зомбулукка каршылыгын билдирүү максатында ушундай демилге көтөрүшкөн болчу.
75-ирет өтүп жаткан аземде эң көп - төрт байгени кызынан ажыраган жалгыз бой эненин тагдыры чагылдырылган Мартин Макдонахтын "Миссури, Эббинг чек арасындагы үч билборд" тасмасы утту.
Бул фильм "драма жанры", "сценарий", "баш каарман аялдын ролу" жана "экинчи пландагы эркек каармандын ролу" номинацияларында да эң мыкты деп табылды.
“Чет тилдеги мыкты фильм” номинациясын Германия жана Франция биргелешип тарткан “Жетээр чегинде” аттуу фильм утту. Кыргызстандан "Алтын глобус" сыйлыгына режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" көркөм тасмасы көрсөтүлгөн болчу.
Мындан тышкары дагы бир топ номинациялар ээлерин тапты.