Дарыгерлер жетекчисине каршы чыгышты
Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 60ка жакын кызматкери Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар бейтапкананын жетекчиси Айдарбек Шакировду жемкорлук боюнча айыптап, аны кызматтан алуу талабын коюшту. Ушул эле күнү түштөн кийин №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Шакировдун кызматтан алынышына каршы болгон 20 чакты киши министрликтин алдына акцияга чыгышты. Жетекчи Айдарбек Шакиров болсо өзүнө айтылган дооматтарды четке кагып, жалган-жалаа экенин "Азаттыкка" билдирди.
Чыгарылыштар
-
Июль 20, 2026АИ-95 бензиндин литри 100 сомдон ашты
-
Июль 14, 2026"Карындашым өз жанын кыйганына ишенбейбиз”
-
Июль 14, 2026Өзгөн: Кашка-Теректеги чыр бычакташууга чейин жетти