Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Иранда англис тили чектелиши ыктымал


Ирандык окуучулар.
Ирандык окуучулар.

Иран өкмөтү бардык башталгыч мектептерде англис тилин окутууну токтотууга ниеттенүүдө. Өлкөнүн Жогорку билим боюнча кеңешинин башчысы Мехди Навид Адхамдын айтымында, бул тилди окутуу "мыйзамга жана эрежелерге каршы келет".

"Анткени баштапкы билим берүү учурунда окуучуларда Иран маданиятынын өзөгү тууралуу пикир түптөлөт деп эсептелет", деди аткаминер 7-январда мамлекеттик телеканал менен болгон маегинде.

2016-жылы өлкөнүн диний жол башчысы Аятолла Али Хаменеи балдар бакчасына чейин англис тили окутулуп жатканына ачууланган болчу.

Мугалимдер менен жолугушууда сүйлөп жатып ал "бул чет тилин окутууга каршылык дегенди билдирбейт, бирок чет элдик маданият балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасында жайылууда" деген эле.

Ал эми жогоруда сөз болгон кеңештин башчысынын айткандары Ирандагы толкундоолордон улам АКШ, Британия менен Ирандын мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Иранда перс тили расмий тил болуп эсептелет. Негизинен англис тили 12-14 жаштан тартып окутула баштайт. Бирок айрым мектептерде бул сабак башталгыч класстарда да өтүлөт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG