Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

9-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек
Бишкек

Синоптиктердин билдиргенине караганда, 9-январда Кыргызстандын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңгок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй менен Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болушу күтүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG