Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:03

Иран демонстрациялар үчүн чет элдик атайын кызматтарды айыптады


Мохаммад Жавад Зариф.
Мохаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри "өлкөдөгү өкмөткө каршы нааразылыкты козгоду" деп АКШ, Израил жана Сауд Арабиясы өңдүү чет мамлекеттердин атайын кызматтарын айыптады.

Мохаммад Жавад Зариф 8-январда Тегеранда өткөн коопсуздук конференциясында "мындай аракеттердин кесепети болот" деп эскертти.

"Бир да өлкө коңшуларынын арасында кооптуу жагдай жаратуу менен өзү үчүн коопсуз чөйрө түзө албайт" деди министр.

Иранда 28-декабрда башталып, өткөн жуманын соңунда басаңдаган демонстрацияларда 22 киши мерт болуп, 1700дөйү камакка алынган.

Азык-түлүктүн кымбатташынан улам тутанган митингдерде өлкө жетекчилерине каршы саясий чакырыктар да айтылган.

Аттары аталган өлкөлөр Ирандын дооматтарын четке кагышууда. Кошмо Штаттар Ирандагы демонстранттарга колдоосун билдирген, бирок "аларга сырттан шыкак берди" деген дооматтарды четке какты.

XS
SM
MD
LG