Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Эки адамдын өмүрүн алган Чүйдөгү жол кырсыгы боюнча иликтөө башталды


Окуя болгон жерде тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерде тартылган сүрөт.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында бир аялдын жана беш жашар баланын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бала жетелеп бараткан аялды койдуруп кеткен автоунаа "Honda CRV" үлгүсүндө, анын айдоочусу 48 жаштагы жаран болгон. Ал Алматы көчөсүнөн түндүк тарапка баратып жол кырсыгына кабылган. Айдоочу рулда мас болбогону аныкталды. Анын автоунаасы атайын токтотуучу жайга киргизилип, окуя болгон жерден топтолгон документтер Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Саламаттык сактоо министрлиги окуя болгон жерде 5 жашар бала мерт болгонун, ал эми аны жетелеп бараткан 45-50 жаштардагы аял Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгонун билдирген. Муну милиция да ырастап, каза болгондордун өздүгү аныкталганын билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG