Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Кытайда кырсыктаган кемеден бир адамдын сөөгү табылды


Өрт өчүрүүчү кеме танкерге суу чачууда
Өрт өчүрүүчү кеме танкерге суу чачууда

Кытайдын чыгыш жээгинде кырсыктаган ирандык танкердин ичиндеги 32 адамдын бирөөнүн сөөгү 8-январда эртең менен табылды. Бул тууралуу Кытадын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лу Каңг билдирип, анын тек жайын иликтеп жатышканын кошумчалады.

Учурда бир нече куткаруучу кеме кырсыктаган жерде иштеп жатат. Бирок алар өз ишин толук аткара албай жатышат.

“Кырсыктан кийин Ирандын кемеси өрттөнө баштаган. Жарылуудан соң түтүн каптап, кеменин тегерегине жайылган майдын кесепетинен өрттү өчүрүү кыйын болуп жатат. Ага карбай куткаруучулар жеринде оңтойлуу жагдайды күтүп турушат. Алар кемеге 150 метрдей жерде турушат. Кеменин айланасында 1000 метрдей суу бетин май каптаганы ишти татаалдаштырууда”, деди Ирандын Кытайдагы башкы консулу Ахреза Эйрваш.

Мунай тарткан Иран танкери менен Гонконгдо катталган жүк салган кеме Кытайдын чыгыш жээгинде 6-январдын кечинде сүзүшкөн. Танкердеги дайынсыз жоголгондордун отузу Ирандын, экөө Бангладештин жарандары.

Сүзүшүүдөн соң 136 миң тонна мунайдын бир бөлүгү деңизге куюлуп кеткен. Ал эми жүк тарткан кемедеги Кытайдын 21 жараны аман-эсен куткарылды.

XS
SM
MD
LG