Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Шахриари: Ирандагы башаламандык лидерлери катаал жаза алат


Өкмөткө каршы Тегерандагы демонстрациядан бир көрүнүш. 30-декабрь, 2017-жыл.
Өкмөткө каршы Тегерандагы демонстрациядан бир көрүнүш. 30-декабрь, 2017-жыл.

Ирандагы сот тутумунун жетекчи орун басары Хамид Шахриари өкмөткө каршы митингдерди башкаргандар катаал жазага тартылышы керектигин 8-январда билдирди.

"Албетте бийликке каршы башаламандыктарды уюштуруп, башкаргандар жогорку жазаны күтө беришсе болот" деди ал ISNA маалымат агенттигине. Бирок ал кандай жаза экенин тактаган жок.

Иранда эң жогоркусу - өлүм жазасы.

Ушул эле күнү өлкө президенти Хасан Роухани демонстрацияларды оппозиция бийликтеги эскичил өнөктөштөрүнө каршы уюштурушу ыктымалдыгын айтты.

Буга чейин Ирандагы ислам революциясынын сакчылар корпусу митингдерди "козголоң" катары сыпаттаган болчу. Мамлекеттик медиа каршылык акциясын жетектегендерди же Ирандагы можахеддердин өкүлдөрү же монархисттер деп маалымат таратып жаткан.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ, Израил жана Сауд Арабиясынын атайын кызматтарын күнөөлөгөн. Аталган өлкөлөр Ирандын дооматтарын четке кагышууда. Кошмо Штаттар Ирандагы демонстранттарга колдоосун билдирген, бирок "аларга сырттан шыкак берди" деген дооматтарды четке какты.

Иранда 28-декабрда башталып, өткөн жуманын соңунда басаңдаган демонстрацияларда 22 киши мерт болуп, 1700дөйү камакка алынган.

XS
SM
MD
LG