Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 06:47

Орусиялык шектүү "Дортмундга" чабуул койгонун мойнуна алды


Айыпталуучу Сергей В.

Германияда "Боруссия Дортмунд" футбол командасы бараткан автобусту жардырууга айыпталган Сергей В. күнөөсүн мойнуна алды.

Дортмунд шаарында дүйшөмбүдө өткөн сотто ал жасаганына өкүнүп турганын, бирок кимдир бирөөнү өлтүрүү ниети болбогонун айтты. Анын ырасташынча, жардыргыч зат эч кимге олуттуу зыян келтирбей тургандай бекитилген.

Ага өмүргө кол салуу беренеси боюнча айыптар коюлган. Айыптоочулар жардыруу айыпталуучунун акчалай киреше табуу ниетинин бир бөлүгү болгонун билдиришет. Автобустун жарылуусу клубдун акциясынын арзандоосуна алып келип, муну менен Сергей В. биржадан пайда тапмак деп айтылууда.

2017-жылдын 11-апрелиндеги жардыруудан клубдун оюнчусу Марк Бартра жана бир полиция кызматкери жараат алган. Жолго коюлган колго жасалган үч бомба футбол командасы түшкөн автобус мейманканадан чыгып баратканда от алган.

XS
SM
MD
LG