Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Москвада эки кыргызстандыктын сөөгү табылды


Москва.
Москва.

Москвада табылган эки кишинин сөөгү кыргызстандыктарга таандык болуп чыкканын Орусиядагы мекендештердин “Боордоштор” кайрымдуулук тобунун негиздөөчүсү Жылдыз Осмонова ырастады.

Маалыматка караганда, маркум эки жигитти туугандары 28-декабрдан бери издеп жаткан. Бири Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну Муратбек Маматалиев экени белгилүү болду. Экинчиси аны менен Москвада чогуу жашаган Искендер аттуу адам болуп чыкты.

Жылдыз Осмонованын билдирүүсү боюнча, 28-декабрда Искендер Муратбек Маматалиевден кайсы бир балдар менен жолугушууга шерик болуп барууну өтүнгөн. Алар Люблино метросундагы "Алмаз" деген кафеге барып, түнкү саат үчкө чейин отурган. Андан кийин белгисиз балдар келип, экөөнү тең күч менен машинеге салып кеткен. Бул балдардын да кыргызстандыктар болушу мүмкүн экени айтылууда.

Ушул тапта “Боордоштор” кайрымдуулук тобу маркумдардын бири Муратбек Маматалиевдин сөөгүн мекенине жөнөтүүгө жана анын операция боло турган жети жаштагы уулуна жардам чогултуп жатат. Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү окуя боюнча Москва облустук тергөө комитети "Киши өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Канга боёлуп, кыйноо менен өлтүрүлгөн сөөктөр тартылган сүрөттөр жана анын Москванын Жуковский аймагынан табылганы жөнүндө маалымат 8-январда Интернетте тараган болчу.

XS
SM
MD
LG