Ала-Бука районунда жайгашкан Иштамберди кенинде жумушчулардын жапырт иштен кетишине байланышкан маселе 8-январда Бишкекте Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинде талкууга алынган. Жыйындан кийин кытайлык “Фул Голд Майнинг” компаниясы менен Тоо-кенчилердин кесиптик кошууну жаңы келишимдин долбоорун өз ара да ортого салышты.
Бирок анда тараптар бир чечимге келе албаганын Тоо-кенчилердин кесиптик кошуунунун өкүлү Абдижалил Тажиматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, компания жумушчуларга тамак-аш үчүн гана кошумча акы төлөөгө көндү. Бирок жумушчулар мурдагы келишимдин өзгөрүүсүз калышын, калган кошумча төлөмдөрдүн да берилишин талап кылууда. Талкуу бүгүн да уланып, акыркы чечим кабыл алынат.
Кытайлык "Фул Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошоткону 5-январда ачыкка чыккан.
Компания жумушчулардын айлыгы азайтылып жатканын каржылык кыйынчылык менен түшүндүрүп жатат. Кесиптик кошуун болсо жаңы келишимдин талаптарын мыйзамсыз деп эсептейт. (NT)