Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Талас: милиция жетекчилери алдамчылык боюнча айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук милиция башкармалыгынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу адамдары Кылмыш кодексинин 171 ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана жок кылуу"), 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы"), 350 ("Мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр, баракчаларды, документтерди мыйзамсыз жасоо, даярдоо жана колдонуу") беренелери менен айыпталып жатышат.

Алар 2017-жылдын март-декабрь айларында "коммерциялык банктын өкүлдөрү менен жең ичинен келишип алып, иштен кеткен кызматкерлердин "Visa" төлөм картасын "Элкартка" алмаштырган, андан кийин ага жасалма документ менен маяна катары которулган акчаны алып турган" деп шек саналууда.

Башкы көзөмөл органы "милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекет 742 миң сомдук зыян тарткан" деп билдирди.

Кылмыш ишин Талас облустук прокуратурасы козгоп, УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG