Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Түндүк Корея Пхёнчхандагы Олимпиадага делегациясын жиберет


Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын делегациялары. 9-январь, 2018-жыл.
Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын делегациялары. 9-январь, 2018-жыл.

Түндүк Корея Пхёнчхандагы кышкы Олимпиадага спортчуларын, колдоо тобун жана жогорку аткаминерлердин делегациясын жөнөтөт. Бул тууралуу эки Кореянын чек арасында бүгүн башталган сүйлөшүүдөн кийин белгилүү болду. Пхеньян менен Сеулдун өкүлдөрү эки жылдан бери биринчи жолу бетме-бет жолугушуу өткөрүштү.

Буга чейин Түндүк Корея оюндарга көркөм муз тебүү боюнча спортчуларын жөнөтөөрү айтылган. Түштүк Кореянын өкүлү Сеул "эки өлкөнүн делегациялары ачылыш аземинде чогуу өтсүн" деп сунуш кылганын маалымдады. Түштүк Корея ошондой эле согуш маалында бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү бириктирүү, коргоо министрлеринин деңгээлиндеги диалогду жандандыруу демилгесин көтөрдү.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда Олимпиадага делегацияны жиберүү маселеси каралаарын айткан, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин муну кубаттаган. Соңку айларда Пхеньяндын ракета сыноолорунан улам коңшулар ортосундагы чыңалуу улам күчөп келди.

АКШнын президенти Доналд Трамп эки Кореянын сүйлөшүүлөрүн колдоду. Ал эми коргоо министрлиги Түштүк Корея менен жыл башына пландалган аскердик машыгууну киийнкиге жылдырды.

XS
SM
MD
LG