Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Америкалык "Zuma" чалгындоо жандоочу орбитага чыга алган жок


"Zuma" жандоочу.
"Zuma" жандоочу.

Канаверал тумшугунан учурулган америкалык "Zuma" чалгындоо жандоочу орбитага чыга алган жок. "Reuters" агенттиги маалымдагандай, эми жабдык кыйрады деп эсептелет. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жандооч "Falcon 9" ракетасынын экинчи баскычынан бөлүнө алган жок же космосто үбөлөнүп калды. Дагы бир версияга ылайык ал океанга кулап түшкөн болушу мүмкүн. Бул боюнча иликтөө башталды. Саботаждын же сырттан кийлигишүүнүн белгилери азырынча байкалган жок.

Жандоочту учурган америкалык "SpaceX" менчик компаниясы кырдаалга комментарий берген жок. Бирок ал "Falcon 9" ракетасы кадимкидей иштегенин белгиледи.

"Zuma" жандоочу адегенде былтыр ноябрда учурулмак. Бирок техникалык себептерден жана аба ырайынан улам бул иш кийинкиге калтырылган.

2017-жылы америкалык космодромдордон 29 ракета ташуучу ийгиликтүү учурулган. Жайында "SpaceX" "Драгон 2" кемесин эки астронавт менен сыноо иретинде учурууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG