Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:40

Кыргызстан жаңы биометрикалык чет элдик паспортко өтөт


Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун үлгүсү.
Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун үлгүсү.

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстан жалпы жарандык (чет өлкө үчүн) биометрикалык паспортко өтөрүн жарыялап, документтин жаңы үлгүсүн коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди.

Паспорттун стандарттык түрү мурдагыдай эле сырты көк болот, ал эми кызматтык паспорт боз, дипломаттык паспорт кара түстө капталат. Документтин ичине Кыргызстандагы бийик чоку, Сулайман-Тоо, Таш-Рабат жана башка жайлардын элеси түшүрүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, паспорттун үлгүсү акыркы үлгү эмес. Сунуш-пикирлер болсо өзгөртүлүшү мүмкүн. Үлгү жарыяланары менен айрымдар документте “дипломаттык” деген сөз “дипоматтык” болуп ката жазылганын сынга алып чыгышты.

Каттоо кызматы паспортту басып чыгарыш үчүн жаңы аппарат сатып алды. Ал саатына 300 паспорт басып чыгарат. Учурда паспортту басып чыгаруучу компания үчүн тендер жарыяланды.

Кыргызстан биометрикалык паспортко былтыр өткөн. 2017-жыл ичинде 515 миң ID-карта берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG