Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Түркияда чукул кырдаал узартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген чукул кырдаал режимин дагы үч айга узартат. Бул тууралуу түрк өкмөт башчысынын орун басары Бекир Боздаг дүйшөмбү күнү билдирип, бул маселе Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында талкууланарын айтты.

Чукул кырдаал режими ушуну менен алтынчы жолу узартылмакчы. Түрк өкмөтү мындай чара өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл экенин айтса, оппозиция ал бийликтин каршылаштарын куугунтуктаганга жардам берет деп эсептейт. Төңкөрүш аракетинен берки соңку бир жарым жылда 150 миңдей киши кызматтан четтетилип, 50 миңдейи камакка алынды.

XS
SM
MD
LG