Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:47

"Болотная иши": күч менен басылган толкун


6-майда Москвадагы Болотная аянтында алты жыл мурда өткөн оппозициянын жүрүшүндө кармалган жарандык активисттердин соттук жаза мөөнөттөрү аяктайт.  Анда Путиндин экинчи жолу президент болуп шайланышына нааразылык билдирип 100 миң адам көчөгө чыккан.

Москвадагы Болотная аянтындагы окуялардан кийин алты жыл өттү. 2012-жылдын жазында оппозициянын “Миллиондордун маршы” жүрүшүнө 100 миңдей адам катышкан. Анда оппозиционерлердин нааразылык акциясы массалык башаламандыкка айланган. Жыйынтыгында 400дөй адам камалып, алардын 30дан ашууну кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 20дайы абакка кесилген. Кагылыштын тутанышы үчүн полиция менен демонстранттар бири-бирин айыптаган болчу.

Быйыл майда Орусиянын Кылмыш кодексинин 318-беренеси (“Полицияга кол көтөрүү”) жана 212-беренеси (“Массалык башаламандыкка катышуу”) боюнча козголгон кылмыш иштеринин мөөнөттөрү бүтөт.

Былтыр “Болотная иши” боюнча соттолгондордун дээрлик баары эркиндикке чыккан. Айрымдары сот мөөнөтүн толук өтөсө, башкалары
шарттуу бошотулуп, кээ бири жазага тартылган эмес.

Леонид Развозжаев.
Леонид Развозжаев.

Апрелде Красноярсктагы колониядан “Левый фронт” деген оппозициялык кыймылдын башчыларынын бири Леонид Развозжаев, августта Тамбов облусундагы абактан дагы бир лидери Сергей Удальцов эркиндикке чыккан. Экөө тең "Болотная аянтында башаламандыкты уюштурган" деп соттолуп, 4,5 жылдык жаза мөөнөтүн өтөшкөн. Башаламандыкты уюштуруучу катары үчүнчү башкы айыпталуучу Константин Лебедев тергөө менен макулдашып, суракта Удальцов менен Развозжаевге каршы көрсөтмө бергендиктен, мөөнөтүнөн мурун шарттуу бошотулган. Алардын ичинен бир гана Сергей Удальцов азыр саясий аракеттерин улантып келет. Абактан чыккандан кийин эле ал “Левый фронт” кыймылынын жана солчул күчтөрдүн жанданганын жарыялаган.

Болотная аянтындагы башаламандыкка катышуучу катары соттолгон Дмитрий Ишевский июлда үч жыл эки ай отурган Ярослав облусундагы абактан чыккан.

Ушул эле абактан августта 27 жаштагы инженер Иван Непомнящих эки жарым жылдык мөөнөттөн кийин бошогон. Бирок сот жазадан кийин ага эки жылдык административдик көзөмөл дайындаган. Ал айына бир жолу полиция бөлүмүндө каттоого туруп, Москва облусунан эч жакка чыкпашы жана массалык акцияларга жакын жолобошу керек эле. Бирок бул чечим күчүнө кирерине бир күн калганда Иван Непомнящих АКШга окууга кетип калган.

Дмитрий Бученков.
Дмитрий Бученков.

“Болотная иши” боюнча соттолгон Дмитрий Бученков да былтыр ноябрда Орусиядан кеткен. Ал өзү Европада экенин билдирген. Бученков Болотная аянтында оппозициянын акциясына катышкан эмес. Ал жайкы каникулда Нижний Новгороддо ата-энесинин үйүндө эс алууда болгон. Бирок 2015-жылы майда күч органдары аны камакка алып, эки жылдан кийин үй камагына чыгарышкан. Сот ишин карап жаткан маалда, сот өкүмүн күтпөстөн ал өлкөдөн чыгып кеткен. Ушуну менен "Болотная иши" боюнча камалгандардын бардыгы абактан бошотулушту.

Болотная аянтындагы оппозициянын толкунунан алты жылдан кийин Андрей Барабанов менен Иван Непомнящихтин адвокаты, коомдук укук коргоочу Сергей Шаров-Делоне соттук процессинин жыйынтыгын, ортодогу утуш-жеңилиш жөнүндө айтат:

– Бул иш биздин өлкөнүн тарыхында чоң бурулуштун башаты болуп калды. Тилекке каршы, бул бурулуш тескери жакка ооду. Бийлик тынчтык жана мыйзамдуу жол менен өздөрүнүн укуктарын колдонуп, ойлорун жеткирүүнү каалаган адамдарды массалык түрдө камакка алды. Демонстрация мыйзамдуу болгон, жергиликтүү бийлик менен макулдашылган. Бирок бул окуядан бийлик коомчулукка караганда көбүрөөк сабак алды. Албетте, коомчулуктун колдоосу болбосо, эл пикетке чыгып, каражат жагынан жардамдашып, балдарга кат жазып, бийликке нааразылык көрсөтпөсө, бул иштер алда канча капалуу бүтмөк. Анткен менен басымдуу көпчүлүк кайдыгер бойдон калды.

Сергей Шаров-Делоне алты жыл мурунку оппозициянын кыймылынан бир гана бийлик "сабак алганын" белгилейт.

- Бийлик нааразы болгондорду ачык жазалоо, коомчулукка
алып чыгуу кооптуу экенин түшүндү. Эми азыр терроризмге же
нааразылык көрсөтүүгө чакырыктар алдын-ала токтотулуп, адамдарды эч нерсе боло электе эле алдын-ала айып, шек менен соттоп жатышат. Мындайча айтканда адамдар ойлоп койгону үчүн гана жаза тартып жатышат. Бийлик нааразылык көрсөткөндөрдү, макул эместерди бирден кармап, башкаларда коркуу сезимин пайда кылууда.

Коомдук укук коргоочу “Болотная ишин” биринчи кезекте орус
коомчулугунун утулушу катары баалайт.

- Шайлоодо бурмалоо болгон, мындай иштерге каршы чыгып, укуктарын коргоо – мыйзамдуу, бул бардык коомдо нормалдуу көрүнүш. Биздин коом болсо бийлик менен кармашта жеңилди. Бул чоң жоготуунун жыйынтыгын биз азыр көрүп жатабыз. Саясат айдыңы толук тазаланды, реалдуу оппозиция толук талкаланды.

2012-жылдын жазында Орусиянын оппозициячыл күчтөрүнүн ири нааразылык акциялары парламенттик шайлоодон кийин башталып, президент Владимир Путин үчүнчү мөөнөтүнө киришкенге чейин уланган.

Москванын бийлиги менен макулдашылган “Миллиондордун маршы” акциясына жалпысынан 100 миңге жакын адам катышкан. Кылмыш жообуна беш жыл ичинде 35 адам тартылган. Көбү полиция кызматкерлерине кол көтөрүү жана башаламандыкка катышуу боюнча айыпталып, абакка 2,5-4,5 жылга кесилген.

Болотная аянтындагы окуяны иликтеген коомдук комиссия "полиция менен демонстранттардын кагылышуусун шаардын бийлиги уюштурган" деген жыйынтык чыгарган. Укук коргоочулар "башаламандык аркылуу орус бийлиги акциянын катышуучуларын репрессияга алып, коомчулукту
коркутуп, каяшачыл маанайды жоюуну каалаган" деген ойлорун
билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG