Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 07:08

Иштамбердиде иштен бошотулган 370 кишинин эмгек келишими узартылды


Иштамберди алтын кени. (Архив)

Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык "Фул Голд Майнинг" компаниясы менен жумушчулардын ортосундагы талаш чечилди. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Маалыматка караганда, кытайлык компания менен жумушчулардын укугун коргогон Кыргызстандын Тоо-кенчилер кесиптик кошууну талаштуу маселелер боюнча мунаса табышты. Тараптардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында 370 жумушчу менен эмгек келишими 2018-жылдын 1-январынан тартып узартылмай болду. Аларга вахталык ыкма менен төлөм да чегерилет.

Компания бардык кошумча төлөмдөрдү (бийик тоолуу коэффициент, вахталык ыкма, иш тажрыйба, ден соолукка зыяндуу шарт үчүн берилүүчү акылар) төлөп берүү, үч маал ысык тамак менен камсыз кылуу милдетин алды. Ошол эле кезде маяна азайтылбайт, мурдагыдай эле төлөнүп берилет. Жумушчулар 15-январдан тартып ишке чыгары айтылды.

Кытайлык "Фул Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошоткону 5-январда ачыкка чыккан.

Компания жумушчулардын айлыгы азайтылып жатканын каржылык кыйынчылык менен түшүндүргөн. Кесиптик кошуун болсо жаңы келишимдин талаптарын мыйзамсыз деп эсептеп, кытайлык ишкерлер менен тиешелүү мекемелерден маселени чечүүнү талап кылган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG