Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Статком: Иш ордунда мас болуп уктап калган жетекчи кызматтан алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети Интернетте тараган видео тасма боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, натыйжада мекеменин Ноокат райондук башкармалыгынын башчысы Расулбек Ташовду жумуштан бошотту. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Билдирүүдө кызматкердин иштен алынышына анын “эмгек тартибин одоно бузгандыгы жана жумуш учурунда алкоголдук ичимдик ичип, мас болгону” себеп катары көрсөтүлдү.

Ушул эле окуяга байланыштуу Ташовдун орун басары Шайырбек Арапов да кызматынан бошотулду.

9-январда Интернетке Расулбек Ташовдун кабинетинде эки адамдын коңурук тартып уктап жаткан видеосу жарыяланган. Ал тасмада уктап жаткан адамдардын жанында ичимдиктин, ширенин бөтөлкөсү көрсөтүлгөн. Окуя боюнча Расулбек Ташов “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, тасманы президенттик шайлоонун эртеси, 16-октябрда каршылаштары аны каралоо максатында тартышканын билдирген. Ал ошондой эле ичимдик ичпегенин, кимдир-бирөөлөр ширеге кошуп уктата турган дары берип коюшканын айткан.

Айрым маалымат каражаттары Ташовдун жанында уктаган райондук милициянын башчысы экенин жазышкан. Бирок Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG