Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Грузияда 19 жаштагы улан атайын операцияда атып өлтүрүлдү


Темирлан Мачаликашвилини коргоп чыккан жергиликтүү тургундар.
Темирлан Мачаликашвилини коргоп чыккан жергиликтүү тургундар.

Грузиянын Чеченстанга чектеш аймагындагы Панкиси капчыгайында өткөн атайын операция учурунда катуу жарадар болгон өспүрүм Тбилисинин ооруканасында каза тапканын бийлик өкүлдөрү билдирди.

19 жаштагы Темирлан Мачаликашвили эки жума бою эсине келбей жатып, 10-январдын таңында көз жумганын дарыгерлер ырасташты.

Ага 26-декабрда грузин коопсуздук күчтөрүнүн операциясында ок тийген. Панкиси капчыгайынын дагы беш тургуну камакка алынган. Бул жерде негизинен чечен улутундагылар жашайт.

Коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, Мачаликашвили аскерлерге граната ыргытууга камынганда ага каршы ок атылган. Бирок жигиттин туугандары ал колуна граната эмес, чөнтөк телефонун кармап турган маалда ок тийгенин айтышат. Жакындары анын шектүү топтор менен эч кандай байланышы жок экенин дагы кошумчалашкан.

Шейшембиде грузин коопсуздук күчтөрү Панкиси капчыгайында дагы бир операция өткөрүп, "террордук топко тиешеси бар" деп шек саналган жергиликтүү тургун Зураб Идидзени кармашкан.

XS
SM
MD
LG