Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 03:43

Москвада белгилүү актер Михаил Державин дүйнө салды


Михаил Державин.

Таанымал советтик жана орусиялык актер 81 жашында көз жумганы тууралуу кабар ал эмгектенген Сатира театрынын интернет-сайтына чыкты.

Москвада туулган актёр 1959-жылдан тартып театрда эмгек жолун баштаган.

Михаил Державин ондогон кинотасмаларда ойногон. Ал телекөрсөтүү тармагында да иштеген, советтик заманда ал алып барган «Кабачок "13 стульев"» деген берүү көптөрдүн эсинде.

Михаил Державин РСФСРдин эл артисти, Достук жана «Мекенге эмгек сиңирген» ордендери менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG