Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Түштүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолуга аларын билдирди


Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин "белгилүү бир шарттар" аткарылса, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолуга аларын айтты. Бул тууралуу Мун Чжэ Ин жылдык маалымат жыйынында билдирип, бирок кандай шарттар экенине токтолгон жок. "Мен кандай гана жолугушуу болбосун даярмын, бирок ал сүйлөшүү өттү деген гана мааниде болбошу керек" - деди Түштүк Кореянын лидери.

"Рёнхап" агенттиги Сеул Пехньян менен аскерий маселелер жана чек арадагы жаңжалдар боюнча сүйлөшүүлөргө даярдык көрө баштаганын жазды. Бул маселелерди талкуулоо ниетин Түштүк жана Түндүк Кореянын расмий делегациялары шейшембиде жолугушканда билдиришкен.

Кийинки жолугушуу качан жана кайда өтөөрү эки аптанын ичинде белгилүү болорун дагы "Рёнхап" кабарлады.

Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу маселеси тынч жол менен чечилмейинче, Сеул эл аралык коомчулук менен бирге Пхеньянга каршы киргизилген санкцияларды колдоорун баса белгиледи.

Ошол эле маалда Сеул түндүк кореялык команданын Пхенчханда өтчү кышкы Олимпиадага келүүсүн жеңилдетүү максатында санкцияларды убактылуу токтотуп турушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG