Михаил Саакашвилинин адвокаты Руслан Чернолуцкий саясатчы Улуттук коопсуздук кызматынын баш кеңсесинде төрт саат болгонун, анын ичинде эки жарым сааттай суроолорго жооп бергенин билдирди.
Cаакашвили сурак негизинен анын Украинадагы саясий ишмердиги тууралуу болгонун журналисттерге айтты. Ал ошондой эле азыркы бийликке каршы оппозициялык ишин улантып, жаңы өкмөт түзүүгө болгон күчүн жумшарын кошумчалады.
“Биз Украинанын азыркы саясий системасын бузуп, Европадагы эң күчтүү, демократиялуу жана прогрессивдүү Украинаны түзөбүз” – деди Саакашвили.
Украин бийликтери Саакашвилиге 2014-жылы бийликтен кулаган экс-президент Виктор Янукович башында турган “кылмыштуу топко” көмөктөшкөн деген кине коюшкан. Киев ошондой эле Саакашвили жетектеген нааразылык демонстрацияларды Украинага каршы “Орусиянын кутуму” деп билдирген.
Грузиянын экс-президенти, Одессанын мурунку губернатору мындай айыптардын баарын четке каккан.
5-январда Тбилисинин соту Саакашвилиге 12 жыл мурдагы грузин банкирдин өлүмүнө байланыштуу айып тагып, үч жылга сыртынан кескен.