Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Мамдепартамент “Мемориалдын” Чеченстандагы жетекчисин бошотууну талап кылды


Оюб Титиев.
Оюб Титиев.

Кошмо Штаттар Чеченстанда кармалган укук коргоочу Оюб Титиевдин тагдырына тынчсыздануу менен орус бийлигин анын укугун бузбай, тезинен бошотууга үндөдү.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Титаев камакта калса, анын өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн деген кооптонуу айтылат.

«Мемориал» укук коргоо борборунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Оюб Титиев шейшембиде жолдо бараткан жеринен кармалып, Курчаловск райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бир нече саат бою ага адвокатын киргизбей коюшкан.

9-январда түштөн кийин Чеченстандын ИИМи укук коргоочуга 180 грамм «кара куурай жыттанган» затты ташып бараткан деген кине тагылганын билдирген. Титиев өзүнө тагылган айыпты дароо четке какты.

«Новая газета» Титиев Чеченстанда буга чейин бир нече жолу коркутууга дуушар болгонун жазды.

Укук коргоочулар Чеченстанда коопсуздук күчтөрү бийликке сын айткандарды “баңгизат менен кармаган” учурлар көп колдонуларын эскертишет.

Титиев Чеченстандагы “Мемориал» уюмунун өкүлчүлүгүн 2009-жылы Наталья Эстемирова киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн тартып жетектейт.

XS
SM
MD
LG