Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Бишкекте мигранттардын радикалдашуу себептери талкууланат


Орусиядагы борборазиялык мигранттар.
Орусиядагы борборазиялык мигранттар.

Бишкекте бүгун Орусияда иштеп жүргөн борбор азиялык мигранттардын радикалдашуу себептери талкууланат. Эл аралык изилдөөчүлөр бир жыл бою Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттары экстремисттик уюмдардын тузагына түшүп жатышынын оош-кыйыштарын талдап чыгышкан.

Бул тууралуу изилдөөгө көмөктөшкөн эл аралык "Search for common ground" ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кеңешбек Сайназаров “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыктары бүгүн Улуттук илимдер академиясында өтүүчү жыйында жарыяланат.

Изилдөөгө Англиядагы RUSI уюму, Орусиянын Улуттук илимдер академиясынын Чыгыш таануу институту, Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан экиден изилдөөчү катышкан.

Расмий маалыматка таянсак, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон. Кыргызстандын укук коргоо органдары Сирияга Орусия аркылуу кеткендер көп экенин билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG