Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 15:42

ЖК Орусияда кошумча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча сунушту карайт


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент бүгүн "Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө" кыргыз-орус өкмөттөрүнүн келишимин карайт.

Өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилет.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Миграция кызматы Орусиянын дагы тогуз аймагында дипломатиялык өкүлчүлүк ачууну, Москва болсо Бишкек жана Ош шаарларында эки өкүлчүлүгүн түптөөнү максат кылууда.

Документке Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү быйыл 20-июнда Москвада кол коюшкан. Аны буга чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет жактырган.

Ушу тапта Москвада жайгашкан Кыргызстандын расмий элчилигинен тышкары, Орусиянын он бир шаарында консулдуктар бар. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG