Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Өзбекстанда депутаттарга улуттук кийим кийгизүү демилгеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Улуттук университетинин доценти, Инновациялык технологиялар борборунун директорунун орун басары Мирякуб Хайдаров парламент депутаттары үчүн улуттук колоритке негизделген дресс-код киргизүүнү сунуш кылды. Хайдаровдун бул сунушу камтылган макаласы "Podrobno.uz" сайтына жарыяланды.

Доценттин пикиринде, парламент депутаттары Батыш стилиндеги кийимдерди кийбеши керек. Өзбектер улуттук баалуулуктарына, салт-санаасына кайтып келиши зарыл экенин айткан Хайдаров элге депутаттар үлгү болушу абзел деп эсептейт.

- Мыйзам чыгаруучу палата улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн бекитет. Жергиликтүү органдар өз аймактарынын кийимдерин кийгени оң. Албетте, ферганалыктар сурхандарыялыктардан айырмаланып турат, – деди ал.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын: "Өзбекстан көп улуттуу өлкө, өзбек парламентинде ар кайсы улуттун өкүлдөрү бар. Мындан улам улуттук кийимди кийүүнү депутаттарга милдеттендирүү туурабы?" - деген суроосуна Мирякуб Хайдаров: "Бул маселени эл өкүлдөрү өздөрү чечүүгө тийиш", деп жооп кайтарды.

XS
SM
MD
LG