Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча процесс өтүп жатат. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин тең төрагасы Адил Турдукулов "Facebook" барагына жазды.
Турдукулов түз эфирде көрсөткөн тасмага ылайык, Мавлян Аскарбеков жана анын адвокаты сотко ишенбестик көрсөтүштү. Аскарбеков сот процессти акыйкат карабай жатканын айтты:
- Сот процессте бардыгыбызга бирдей укук, бирдей мүмкүнчүлүк бериши керек. Тилекке каршы, күбөлөргө мен, менин жактоочум экөөбүз суроо берсек, бизге чектөө коет дагы, прокурорго каалаган суроосун берүүгө укук берип жатат. Анысы аз келгенсип сот өзүнө керектүү жоопту алыш үчүн бүгүн келген күбөнү коркутуп, кадимкидей эле кысымга алып, такып жатат. Анысы мыйзамга туура келбей турганын менин адвокатым Жайлообаев айтып койсо, эми кайра менин адвокатыма эскертүү берүү аракетин көрүп жатат, - деди Аскарбеков.
Акыркы соттук отурум 2017-жылдын 25-декабрында өткөн. Анда айыпталуучу тарап судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч берген, сот аны четке каккан.
Мавлян Аскарбековго Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктын жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп шек саналып жатат. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеген.
Активист болсо өзүнө тагылган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук катары баалап келет. (ErN)