Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Бекешев: Ишкерлер кылмыштуу топтун кысымына кабылууда


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 11-январдагы жыйынында көтөрдү. Ал уюшкан кылмыштуу топтордон жабыркаган жарандар арыз менен кайрылбай турганын белгиледи.

- Көп учурда уюшкан кылмыштуу топтордон жабыр тарткан жарандар, анын ичинде ишкерлер арыз менен кайрылбайт. Алар "кийин зыяны тийип калабы" деп коркушат. Чын эле ошондой болуп жатат. Кылмышкерлер милицияны таптакыр тоготпой калды. Буга жакында эле Бостери айылындагы кафенин өрттөлүшү мисал.

7-январда эртең менен Бостеридеги “Осьминог” рестораны өрттөнүп, тилсиз жоодон жанаша жайгашкан эки мейманкананын чатырына да зыян тийген. Ошол кезде облустук милиция өрт газ баллондордун жарылышынан чыгышы ыктамыл экенин билдирген болчу.

Дастан Бекешев кафе ээси уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтып мурда эле милицияга кайрылганын, бирок милиция кармалгандарды камактан бошотуп жибергенин кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG