Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Осьминог” ресторанында чыккан өрттүн себептерин иликтөө уланууда. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы күрөш кызматы чыгарат.
7-январда эртең менен Бостеридеги “Осьминог” рестораны өрттөнүп, "тилсиз жоодон" жанаша жайгашкан эки мейманкананын чатырына да зыян тийген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандар, өзгөчө ишкерлер уюшкан кылмыштуу топтордун кысымына кабылып жатканын парламентте айтып чыкты. Эл өкүлү буга “Осьминог” ресторанындагы өрттү мисал келтирген. (КЕ/ЕВМ)