Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 21:48

Ысык-Көлдө эки адам баңгизат жана ок-дары менен кармалды


Ооганстанда апийим жыйнап жүргөн адамдар.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бостери айылынын 26 жана 27 жаштагы эки тургуну колго түшүрүлдү. Соттун санкциясы менен алар жашаган үй тинтүүгө алынып, биринин үйүнөн 2 700 гр. марихуана, экинчисинен автоматтын 11 огу табылды.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, өздөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кармалган эки жаран мурда Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин (“Каракчылык”) жана 170-беренесинин (“Опузалоо”) негизинде соттолушкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG